Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:52

ЕККУ прокурорлорду шайлоого карата окутуп жатат


Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюумунун Бишкектеги кеңсесинин жардамы менен прокурорлор үчүн атайын семинарлар өтүп жатат. Алардын максаты - быйыл Кыргызстанда боло турган президенттик шайлоонун ачыктыгын жана тазалыгын камсыз кылуу. Прокурорлор шайлоо мыйзамдарынын сакталышы, түшкөн арыздарды өз маалында калыс карап берүү, шайлоочулардын да, талапкерлердин да укуктарынын бузулушуна жол бербөөнүн жол-жобосун үйрөнүшөт.

Семинардын уюштуруучулары "Азаттыкка" кабарлашкандай, ага республиканын ар аймагынан келген 170 прокурор катышып жатат.

Президенттик шайлоо 30-октябрда болот. Бүгүнкү күндө ага катышууну каалагандардын саны - 32 адам. (RK)

XS
SM
MD
LG