Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:20

Кыргыз-казак өкмөттөр аралык жыйын өтүүдө


Бишкекте Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйыны өтүп жатат. Ага катышуу үчүн Бишкекке бүгүн бир күндүк иш сапар менен казак премьер-министри Карим Масимов келген. "Азаттыктын" кабарчысы маалымдашынча, кеңейтилген форматтагы эки тараптуу сүйлөшүүлөр бир аздан кийин башталат. Талкууланып жаткан негизги маселе - экономикалык кызматташтык.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, эки өлкөнүн ортосундагы тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү учурда 836 миллион долларды түзөт. Быйылкы жылдын алгачкы үч айында бул көрсөткүч былтыркыга салыштырганда 14 пайызга жогору болду.(EBM/RK)

XS
SM
MD
LG