Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:53

Ошто ымыркайлардын өлүмү көбөйдү

"Азаттыктын" Ош облусу боюнча кабарчысынын маалыматы боюнча, жыл башынан бери Ош шаарындагы төрөтканага 4 миңден ашык аял келип төрөгөн болсо, алардын 88-и наристесинен айрылып калган.

Дарыгерлер мунун себебин ата-энелердин да, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын да ден соолугунун начардыгы, экологиянын булганышы менен түшүндүрүп жатышат.

Бирок айрым ата-энелердин пикиринде, наристелердин төрөлөөр замат чарчап калышына дарыгерлердин шалаакылыгы себеп болуп жатат. (ErN/RK)
XS
SM
MD
LG