Линктер

жекшемби, 22-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:36

Стамбулдагы чемпионатта Кыргызстандын үмүтү акталган жок


Стамбул шаарындагы чемпионатка катышкан Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча балбандары кыргызстандык спорт күйөрмандарынын үмүтүн актай алган жок.

2008-жылдагы Бээжин олимпиадасынын сыйлык ээлери Канатбек Бегалиев жана Руслан Түмөнбаев менен Арсен Эралиев, Жанарбек Кенжеев, Азат Эркинбаев, Данияр Көбөнов, Мурат Романов ийгилик жарата алышкан жок.

"Азаттыктын" спорттук баяндамачысы Кабыл Макештин айтымында, Стамбулдагы грек-рим жана эркин күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионат курч таймашуулары менен айырмаланууда. Себеби, 1-6-орундарга ээ болгондорго Лондон олимпиадасына жолдомолор ыйгарылат.(KMa/RK)

XS
SM
MD
LG