Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:03

БУУ, ЕККУ Косоводогу кырдаалга кабатыр


Бириккен Улуттар уюму менен ЕККУ Косовонун түндүгүндөгү кырдаалга тынчсыздануусун билдирди. ЕККУга төрагалык кылган Литванын тышкы иштер министри Аудрониус Азубалис уюм Косоводогу кырдаалды жөнгө салууга көмөктөшөөрүн айтты.

Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун аталган аймакта чыңалуунун өрчүп бараткандыгына тынчсыздануусун айтты.

Косовонун түндүгүндө жергиликтүү сербдер Сербия менен чектеш аймакка негизинен этникалык албандардан турган полиция менен бажычыларды жайгаштырууга каршылык билдирүүдө.

Июл айында мындай тиреште албан улутундагы полиция кызматкери өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG