Баткендеги чек ара аймагындагы Кулунду айылында бүгүн Лейлек
жаштарынын жыйыны өтүүдө. Ага жергиликтүү жана өлкөнүн ар аймагынан чогулган миңге жакын адам катышууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” иш-чаранын уюштуруучуларынын бири, Лейлектеги “Заман жаштары” коомунун мүчөсү Нурбек Кубатов билдирди.
Кубатовдун айтымында, бүгүнкү жыйында чек арадагы талаштуу аймактардагы эки улут ортосундагы түшүнбөстүктөр, укук бузуулар боюнча талкуулар өтөт. Жыйын соңунда жаштар эки-үч барактан турган резолюция кабыл алып, аны президент, өкмөт башчы жана Жогорку Кеңеш төрагасына жолдогону жатышат.
“Заман жаштары” коомунун мүчөсү Нурбек Кубатовдун айтымында, чек
арадагы талаштуу аймактарда чечилбеген маселелер көбөйүп баратат. Суу
тартыштыгы, кыргыз-тажик жаштары ортосундагы пикир келишпестиктер, жумушсуздук Баткендеги негизги көйгөйлөрдөн. (ЕК)