Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:49

Ливияда эки шаар үчүн согуш жүрүүдө


Ливияда Муаммар Каддафиге лоялдуу күчтөр эски режимдин акыркы чептери – Сирт жана Бани Валид шаарларын коргоп калууга аракеттенишүүдө. Түн ичинде алар Улуттук өткөөл өкмөттүн аскерлерине катуу туруштук беришти.

Ал аралыкта 16-сентябрда БУУнун Коопсуздук кеңеши Ливияны калыбына келтирүү иштерине жардам иретинде Муаммар Каддафинин режимине каршы киргизилген санкцияларды жеңилдетүү сунушун колдоду. Атап айтканда, өлкөнүн улуттук мунай компаниясы жана борбордук банкынын ишине киргизилген чектөө алынып салат.

Санкциялар жөнүндөгү чечим мындан жарым жылдай мурун Каддафи өкмөтү демократиячыл демонстрацияларды күч менен басып жаткан кезде кабыл алынган. Кеңеш ошондой эле Ливияга БУУнун миссиясын жиберүүнү чечти. Буга чейин БУУнун Башкы ассамблеясы Ливиянын Улуттук өткөөл өкмөтүнө уюмда өлкөнүн атынан сүйлөө мандатын берген.

XS
SM
MD
LG