Швейцариялык гезит чеченстандык миллиардер Булат Чагаев ээлик кылган швецариялык Ксамакс командасы 3.6 миллион доллар карыз экендигин жазып чыкты. Лө Матаң Диманш гезитине ылайык, салыктар, мейманкана, менчик агенттиктердин акысы өңдөңгөн карыздардын дээрлик бардыгы Чагаев аталган команданы май айында сатып алгандан бери топтолгон. Чагаевдин адвокаты карыз команданын мурдагы кызматкерлеринен калганын, ал «бүгүн-эртең» төлөнөөрүн билдирди. Чагаевдин Ксамакс долбоорунун айланасында көп ызы-чуу чыккан. Анын ичинде чечен миллиардери май айында бардык машыктыруучуларды иштен алып, ал эми өткөн жумада Ксамакс атаандаш команда менен оюнда тең чыккандан кийин оюнчуларга, жаңы тренерге атырылган.