Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

Ливияда согуш аракеттери уланууда


Кулатылган Муаммар Каддафини колдогон аскерлер Триполиден 140 чакырым түштүк-чыгыштагы Бани Валид оазисинин айланасында кайра чабуулга өтүштү. Ал эми Каддафиге каршыккан күчтөр Каддафи туулган Сирте шаарында айрым жылышка жетишкендигин билдиришүүдө. Анын аралыгында Ливиянын убактылуу жетекчилери жаңы өкмөттүн курамын жарыялоо кийинкиге калганын бышыкташты. АФП агенттигинин кабарлашынча, Улуттук Өткөөл кеңештин жетекчилеринин бири Махмуд Жибрил акыркы мүнөттөрдөгү талаштардан улам өкмөттүн курамы боюнча чечим кабыл алуу «белгисиз мөөнөткө» кийинкиге калтырылганын билдирди.

XS
SM
MD
LG