Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:28

Президент болом дегендердин саны 30


Бүгүнкү күнгө карата президент болом деп Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылгандардан 30 адам калды.

18-сентябрда мамлекеттик тил сынагынан Арсланбек Малиев өтпөй калган. Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев БШКга жазган арызын кайра алган.

30 миңден кем эмес кол топтоп, 100 миң сомдук күрөө коюп, кыргыз тил сынагынан өткөндөр гана президенттикке талапкер катары расмий түрдө БШКдан катталат. Үгүт иштери 25-сентябрдан тарта жүргүзүлөт. Шайлоо 30-октябрга белгиленген.(RK)

XS
SM
MD
LG