Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:32

Ысык-Көлдө ӨКМ көчмө кабылдамасы ачылат


Өзгөчө кырдаалдар министри Болотбек Борбиевдин көчмө коомдук кабылдамасы келерки аптадан Ысык-Көл облусунун райондорунда өз ишин жүргүзөт.

Министрликтин басма сөз катчысы Абдишарип Бекиловдун “Азаттыкка” маалымдашынча, ал Балыкчы шаарынан башталып, андан ары Ысык-Көл, Түп, Ак-Суу, Каракол, Жети-Өгүз, Тоң райондорунда уланат.

Жарандар өзгөчө кырдаалдар министрлигине тиешелүү маселелер боюнча алдын ала (03222) 7-63-10, (0770) 22-31-36 телефондоруна кайрылышса да болот.

Өзгөчө кырдаалдар министринин көчмө коомдук кабылдамасы 2010-жылдын ноябрь айында аймактардагы калктын көйгөйлүү маселелери менен жеринде таанышуу максатында түзүлүп, буга чейин Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Нарын облустарында уюштурулуп, калктын көйгөйлүү маселелерин жеринде көрүп, тиешелүү чечимдерди кабыл алган. (RK)

XS
SM
MD
LG