Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:19

Мектептеги акча чогултуу маселеси талкууланды


Мектептерде акча чогултуу маселесине арналып бүгүн “Демократия жана жарандык коом үчүн”  коалициясынын Бишкектеги кеңсесинде видео-көпүрө уюштурулду.

Анда акча чогултуу уланып жаткандыгы, буга билим берүү министрлигинин мектептердин алдындагы түзүлгөн ата-энелер фонддоруна акча чогултууга ураксат берген буйругу себеп экендиги айтылды. Балдар укугун коргоо уюмдары каражат таба албаган ата-энелердин балдары мектепте  кодуланып, кысымга алынып жаткандыгы белгилешти.  Ал эми билим берүү министрлигинин өкүлдөрү ата-энелер тарабынан ыктыярдуу түрдө мектептерге көрсөтүлүп жаткан жардамдарга эч кандай тиешеси жоктугун билдирди.

Видео-көпүрөгө ата-энелер, балдар укугун коргоо уюмдарынын жана  билим берүү министрлигинин өкүлдөрү катышышты. Ал видеожыйында Баткен, Нарын жана Ысык-Көл облустары да түз катышып, сурооолорду узатышты. (ZB/RK)

 

XS
SM
MD
LG