Ослонун соту июл айындагы 77 кишинин өмүрүн алган эки чабуулду уюштурганын мойнуна алган Андерс Бериң Брейвик дагы бир ай камерада жалгыз кармалсын деген чечим чыгарды.
– Соттун пикиринде, шектүү кылмышкер жүрүп жаткан тергөө тууралуу маалымат алып, далилдерди жок кылып, же шериктери менен байланышка өтпөшү үчүн, аны камерада жалгыз кармаш керек, - деп билдирди жабык өткөн сот жыйынынан кийин сот Маргрет Лунд.
32 жаштагы Брейвик ноябрдын 14үнө чейин камакта кала бермекчи, анын андан аркы тагдырын кайра сот чечет.