Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Анти-каддафичилер маанилүү жайды каратып алышты


Ливиянын убактылуу бийликтери анти-каддафичил күчтөр өлкөнүн түштүгүндөгү Сабха шаарына жакын жердеги эки маанилүү жайды каратып алышты. «Шаардын аба бекети жана эски чеп алынды, шаардын өзү эки күндө бошотулат» деп билдирди Улуттук Өткөөл Кеңештин аскерий маалымат катчысы Азмед Бани. Сабха - Ливиянын Сахара чөлүндөгү эң ири шаары, бул жактан түштүктөгү Нигер мамлекетине баруучу жолду көзөмөлдөө ыңгайлуу. Кулатылган Муаммар Каддафини колдогон күчтөр баш калаа Триполиден түштүк-чыгыштагы Бани Валид чөлкөмүндө жана Жер Ортолук деңизинин боюндагы Сирте шаарында айыгышкан каршылык көрсөтүүнү улантышууда. Каддафинин өзү кайда экени белгисиз.

XS
SM
MD
LG