Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:52

Каатчылыкты башкаруу борбору түзүлөт


Кыргызстанга Франциядан каатчылыкты башкаруу боюнча адистер келди. Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче, делегация менен 19-сентябрда вице-премьер-министр Шамил Атаханов жолукту. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкек кеңсесинин маалыматына караганда, 22-23-сентябр күндөрү француз эксперттери Бишкекте каатчылыкты башкаруу, алдын алуу боюнча жыйынга катышмакчы. Анда коопсуздук жаатта мыйзамдарды, мамлекеттин кризисти башкаруу саясатын жакшыртуу, ар кандай кырдаалдарга байкоо жүргүзүү борборун ачуу маселелери каралат. Былтыр Кыргызстан саясий-социалдык олуттуу кризисттерди баштан кечирген эле. (EBM)

XS
SM
MD
LG