Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:47

БШК талапкерлерди каттай баштады


Бүгүнтөн баштап Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлерди расмий каттоодон өткөрө баштады. "Азаттыктын" кабарчысы БШКдан маалымдашынча, алгачкылардан болуп "Ата Журт" партиясынын төрагасы Камчыбек Ташиевге жана "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровго президенттикке талапкердигин тастыктаган күбөлүктөр тапшырылды.

Талапкерлерди каттоо 25-сентябрга чейин жүргүзүлөт. Ошо күндөн тартып үгүт башталат. Президенттик шайлоо Кыргызстанда 30-октябрда болот. Ага катышам дегендердин саны 30га жакын адам. (KKs/RK)

XS
SM
MD
LG