Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:59

Райымбердиевдин баш коргоо чарасы аныктала элек


Президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу ички иштер министринин мурдагы орун басары Расулберди Райымбердиевге карата баш коргоо чарасы аныктала элек. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты. Ал "Садыркуловдун артынан аңдуу жүргүзгөн жана анын ар бир кадамы тууралуу Жаныш Бакиевге айтып турган" деп шектелүүдө.

Мурдагы президенттин иниси Жаныш Бакиев Садыркуловду өлтүрүүнү уюштурган деп күнөөлөнүп жатат. Садыркуловдун күйүп кеткен сөөгү кызматтан кеткенден бир нече айдан кийин 2009-жылдын 13-мартында табылган. Анын жанында стратегиялык изилдөөлөр институтунун мурдагы жетекчиси Сергей Слепченконун жана айдоочу Кубат Сулаймановдун да сөөктөрү табылган болчу.

Милициянын генералы Райымбердиев соңку мезгилде Ош шаарында улуттар аралык мамилелерди бекемдөө боюнча коомдук уюмду жетектеп турган. (RK)

XS
SM
MD
LG