Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:12

Ооганстанда мурдагы президент үчүн аза күтүшүүдө


Маркум Бурхануддин Раббанинин Кабулдагы үйүнүн сыртына бүгүн жүздөгөн адам жыйналды. "Талибан" кыймылы менен сүйлөшүү жүргүзүүгө аракеттенген Тынчтык кеңешин жетектеп келген Раббани кечээ өз үйүндө жанкечти жасаган жардыруудан мерт кеткен. Ооган расмий өкүлдөрүнүн айтымында, жанкечти мурдагы президенттин үйүнө "Талибандын" чабарманы катары келген.

Раббанинин киши колдуу болушуна байланыштуу ооган президенти Хамид Карзай Нью-Йорктогу сапарын кыскартып, мекенине кайтты. Ооганстандын мурдагы президентинин өмүрүнө кол салынышын эл аралык коомчулук айыптады. АКШ президенти Барак Обама бул окуя Вашингтонду оогандарга эркиндикте, коопсуздукта жана байгерчиликте жашоого жардам берүүсүнө тоскоолдук кыла албасын белгиледи.

XS
SM
MD
LG