Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:50

Иранда тыңчы катары айыпталган эки америкалык бошотулду


Сегиз жылга кесилген эки америкалык абактан күрөө төлөп бошотулганын Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлады. Мамлекеттик “Пресс ТВ” телеканалы билдиргендей, Тегеранда аппеляциялык сот 29 жаштагы Жош Фаттал менен 28 жаштагы Шейн Бауэрдин ар бирин 500 миң доллардык күрөөгө бошотуу чечимин кабыл алган.

Алар 2009-жылы Иранга Ирак аркылуу өтүп кеткенден кийин кармалышкан. Чек арадан мыйзамсыз өткөн жана тыңчылык кылган деген айып менен өткөн айда соттолушкан болчу. Америкалыктар аларга тагылган айыптарды четке кагып, Ирактын тоолорунда саякаттап жүрүп, Ирандын аймагына байкабастан өтүп кеткенин билдиришкен.

АКШнын эки жараны Ирандын камагынан эки жылдан ашуун убакыттан соң бошотулганын “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна аймактагы америкалык дипломаттардын бири да ырастады.

XS
SM
MD
LG