Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:38

ЖК төрагасы кызматтан бошотууну сунуш кылган милиция жетекчисин премьер-министр кабыл алды


21-сентябрда Алмазбек Атамбаев Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Калыбек Сатыбалдиевди кабыл алганын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Калыбек Сатыбалдиев премьер-министрди өзү жетектеген башкармалыктын ишмердиги менен тааныштырган.

Жолугушуу учурунда Алмазбек Атамбаев ИИМде жаңы структуранын түзүлүшү уюшкан кылмыштуулук менен күрөштө сезилерлик натыйжа берип жатканын, президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча коомдук резонанс жараткан кылмыштын бети ачылганы маанилүү экенин белгилеген.

Президенттикке талапкер болору күтүлүп жаткан премьер-министр ошондой эле өкмөт ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын ишине мындан ары да колдоо көргөзөрүн айткан.

Жакында Жогорку Кеңеш төрагасы ИИМдин аталган башкармалыгынын жетекчиси Калыбек Сатыбалдиевди кызматтан бошотууну сунуш кылган болчу. Ал мындай сунушун парламент жыйындарынын биринде айтып чыккан.

Мунун алдында Сатыбалдиев Кыргызстандан Тажикстанга кара майды контрабандалык жол менен ташууга Жогорку Кеңештин “Ата Журт” фракциясынан депутаты Азамат Арапбаев ээлик кылган фирманын да катыштыгы бардыгын билдирген. (UE)

XS
SM
MD
LG