Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:18

Обама: Израил - палестиндер мунасага келиши керек


Палестин бийликтеринин Бириккен Улуттардын таанышына жетишүү аракетин алдын алуу максатында АКШнын президенти бүгүн кайрадан палестин лидерлерин Израил менен мунасага жетишүүгө чакырды. Бириккен Улуттардын Баш жыйынынын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө Барак Обама Палестин мамлекети боюнча эбактан берки талашты сүйлөшүү аркылуу чечиш керек деди. Израилдин өкмөт башчысы Нетаняху Обаманын сөзүн кубаттап, буларды кошумчалады:

- Менимче, палестиндер мамлекеттүүлүккө эл аралык коомчулуктун аркасы менен жеткиси келет, бирок ага жооп катары Израилдин тынчтыгын кепилдөөгө даяр эмес. (Обамадан) башка да, жоопкерчиликтүү жетекчилер тынчтык сүйлөшүүсүн аттап өтүү аракеттерине каршы чыгат деп ишенем.

Палестин бийликтеринин жетекчиси Махмуд Аббас ушул жума күнү баш жыйында Палестин мамлекетин таанууну сурайт деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG