Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:01

"Ак-Жолдон" чатак чыгып кетиши ыктымал


"Ак-Жол" чек ара бекетинде абал оор. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында депутат Исмаил Исаков билдирди. Анын айтымында, эгерде маселе чечилбесе, ал жерде чакат чыгып кетиши мүмкүн. Себеби, коңшу Казакстанга өтөм деген кыргызстандыктар казак бажы, чек ара кызматкерлери тарабынан ар кандай кемсинтүүлөргө, уруп-сабоолорго дуушар болуп жатышат.

Буга чейин Кыргызстандын Бажы кызматынан "Азаттыкка" маалымдашкандай, "Ак-Жол" боюнча кыргыз тараптан эч кандай чектөө киргизилген эмес.

Бирок, 1-июлдан баштап Казакстан Бажы биримдигине киргенден тартып чек арадан өтүү оорлоп калды. Ал жерде негизинен соода-сатык менен алектенип, Казакстанга товар ташыгандар көп.

16-сентябрда Бишкекке келген казак премьер-министри Карим Масимов "Азаттыкка" чек арада адамдардын өтүүсү боюнча кыйынчылыктар эгерде Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе токтойт деп билдирген. Бажы биримдигине Казакстан, Орусия жана Беларус кирет.(RK)

XS
SM
MD
LG