Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Психикалык сыркоо кылмышкерлерди бөлүп дарылоо сунушталууда


Психикалык оорусу бар деп соттук-медициналык экспертиза аныктаган, бирок, сот күнөөлүү деп тапкан адамдарды башкалардан бөлүп дарылоо керек. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева парламенттин жыйынында билдирди.

Депутаттын айтымында, Таш-Көмүр шаарындагы атайын ооруканада кылмышка тиешеси жок сыркоолор менен кылмыш кылгандар аралаш жайгаштырылган.
Психикалык оорулуу кылмышкерлердин кол салуу аракети боюнча 132 факт катталган, бир дарыгер өлүмгө дуушар болгон. Былтыркы жылдын эсеби боюнча кылмыш жасады деп таанылгандардын ичинен 200 адам психикалык жактан сыркоо деп табылган. (RK)

XS
SM
MD
LG