Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:47

Муслима Кенза Драйдер Франциядагы шайлоого катышам дейт


Франциянын мыйзамдары тыйуу салганына карабастан паранжа кийип жүргөн Кенза Драйдер келерки жылкы президенттик шайлоого катышат. Кенза Драйдер шаршемби күнү кабарчылар менен кездешүүдө бардык француз аялдардын укугун коргогусу келгенин билдирди. Теги марокколук аялдын сөзүнчө, ал 12 жылдан бери паранжа киет жана мусулман аялдардын бетин жаап-жашырып жүрүүсүнө тыйуу салган мыйзамды жарандардын фундаменталдык укуктарына каршы келет деп санайт.

Франция парламенти быйыл 11-апрелде бекиткен мыйзамга ылайык, коомдук жайларда паранжа кийген жаран 130 евро айып төлөйт. Ал эми паранжа кийүүгө мажбурлаган адам 30 миң евро айып төлөп, бир жылга абакка салынат.

XS
SM
MD
LG