Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:18

Кабелдик каналдар ишин чектейт


25-сентябрдан 30-октябрга чейин Кыргызстандын кабелдик телеканалдары чет элдик телеканалдарды алып көрсөтүүсүн убактылуу токтотушат. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн пресс-конференцияда маалым болду. “Интернет саясатынын жарандык демилгеси” коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиеванын айтымында, мындай чечимин алар БШКнын талабын аткарууга мүмкүн эместигине байланыштырышууда. БШКнын чечими жарандардын маалымат алуу укугун бузат дешти.

Боршайком чет элдик каналдардын телекөрсөтүүлөрү президенттик шайлоо алдындагы үгүт учурунда адегенде жазылып алынып, текшерилгенден кийин гана кыргызстандыктарга көрсөтүлүшү керек деген талап койгон. Президенттик шайлоо 30-октябрда болот. Үгүт иштери 25-сентябрда башталат. (RK)

XS
SM
MD
LG