Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:34

Каддафинин акыркы тиреги болгон Сабха алынды


Ливиянын утурумдук өкмөтүнө таандык күчтөр чөлдөгү Сабха шаарын толук ээлегенин билдирди. Өлкөнүн бийликтен кулатылган лидери Муаммар Каддафинин акыркы таянычы болгон шаарда бир ууч снайперлер гана калган. Убактылуу өкмөттүн өкүлү Ахмед Банин Триполиде билдиришинче, Каддафи Сабханы калтырып кетти деген маалымат азыр иликтенүүдө.

Брюсселде НАТОнун аскерий операциялар боюнча командачысы, канадалык генерал Чарлз Бухард альянстын Ливиядагы миссиясы үч ай ичинде аткарыларына ишенгенин билдирди. НАТО шаршемби күнү Ливияда жарым жыл мурда башталган авиажапырыгын дагы 90 күнгө узарткан.

XS
SM
MD
LG