Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:35

Болгария менен Румынияны Шенгенге кабыл алуу кийинкиге калды


Голландия менен Финляндия каршы чыккандыктан Болгария менен Румынияны 25 өлкө кирген чек арасыз Шенген аймагына кабыл алуу чечими экинчи жолу колдоо таппай калды. Бул тууралуу Германиянын Ички иштер министрлигинин өкүлү Оле Шрөдер Брюсселдеги министр жыйынынан кийин билдирди. Маселе эми октябрдын ортосунда Европа Биримдигинин саммитинде каралат. Европалык комиссия биримдикке мүчө болгон эки өлкө мыйзамдык жана техникалык талаптарды аткарган деп тапкан жана аларды кабыл алууну биримдиктин мүчөлөрүнүн басымдуу бөлүгү колдойт. Бирок Голландия менен Финляндия чек ара бекеттерин алып салуудан мурда болгарлар менен румындар коррупция жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүн күч алдырсын деп жатышат.

XS
SM
MD
LG