Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:16

"Мурас" партиясы катталды


Кыргызстанда "Мурас" аттуу жаңы партия катталды. "Азаттыктын" кабарчысынын маалымдашынча, партиянын бүгүн Бишкекте өткөн жыйынына 70тей адам катышты. Жетекчиси болуп коомдук ишмер Аскар Салымбеков дайындалды.

Партиянын курултайы президенттик шайлоодон кийин өтмөй болду. Анын негизги максаттары өлкөдөгү саясый туруктуулукту чыңдоо, укуктук тартипти, экономиканы бекемдөө жана социалдык акыйкаттыкты камсыздоо экени айтылды.

Аскар Салымбеков "Дордой" соода тармагынын негиздөөчүсү. Мурдагы президент Курманбек Бакиев негиздеген "Ак Жол" партиясынын мүчөсү катары Жогорку Кеңешке депутат болуп барган. Бирок бакиевдик бийлик урагандан кийин партиядан чыгып кеткен. АКИpress агенттигине 2010-жылдын 13-майында берген интервьюсунда "саясаттан көрө бизнес менен алектенгеним артык" деп айткан. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG