Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:04

БУУ: Аббас палестин эгемендигин таанууга арыз берди


Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас Нью-Йоркто баш катчы Пан Ги Мун менен жолугуп, Улуттар Уюмуна Палестинанын көз карандысыздыгын таанып, мүчөлүккө кабыл алууга расмий арыз берди.
Жума күнү Аббас Башкы ассамблеяда сөз сүйлөп, Улуттар Уюмуна мүчө өлкөлөрдөн Палестинанын көз карандысыздыгын колдоону өтүндү.

- Мен сөз сүйлөрдөн мурун палестин мамлекетинин президенти жана Палестинаны эркиндикке чыгаруу уюмунун төрагасы катары Улуттар Уюмунун баш катчысы, улуу урматтуу Пан Ги Мун мырзага 1967-жылдын 4-июнундагы чек аралардын негизинде, баш калаа Ирусалим болгон [өлкөнү] Улуттар Уюмуна толук кандуу мүчөлүккө кабыл алууга арызды расмий тапшырганымды билдиргим келет.

Ага чейин Израил менен АКШ Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууну сунуштап, палестиндерди автономия бойдон турууга үндөгөн.
XS
SM
MD
LG