Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:13

Балдар жана энелер саламаттыгы боюнча талкуу өтөт


Кыргызстанда балдар арасында аз кандуулук оорусунун жайылышы 49-84% жетти. Ал эми кош бойлуу, же тукум улай турган курактагы аялдар арасында бул оорунун жайылышы 32-70% жетти. Ошондой эле иликтөөлөр жыйынтыгы көрсөткөндөй, өлкөдө беш жашка чейинки балдардын 14-27 % дейре кыска бойлуулук байкалат. Бул өнөкөттө балдар жана аялдарга күнүмдүк турмушта витамин жана микроэлементтердин жетишээрлик денгээлде керектелбей жатышы себеп болууда.

Мына ушул ооруулар менен күрөшүү жолдору, же аны алдын алуу боюнча иш-аракеттер эртең Бишкекте өтө турган талкууга коюлат. Иш-чарага Саламаттыкты сактоо министрлиги жана БУУнун балдарды коргоо кору – ЮНИСЕФ демилгелик кылууда. (ЕК)

XS
SM
MD
LG