Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:54

БУУнун Коопсуздук кеңеши Палестинанын арызын талкуулап баштары күтүлүүдө


Коопсуздук кеңешинин жыйыны бүгүнкүгө белгиленген. Анда Палестин автономиясынын көз карандысыз мамлекет катары таанып, мүчөлүккө кабыл алуу боюнча арызы талкууланат. Палестин лидери Махмуд Аббас арызды БУУнун башкатчысына жума күнү тапшырган эле.

Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн бири АКШ мурдараак, эгер маселе добушка коюлса, вето саларын билдирген. Бирок палестиндер БУУнун Башкы ассамблеясына да кайрыла алат. Ал жерде Палестин автономиясынын көз карандысыздыгы айрым чектөөлөр менен, бирок жөнөкөй көпчүлүк добуш менен жактырылуусу мүмкүн. Кечээ Израилдин тышкы иштер министри Авигдор Либерман эгер Улуттар уюму Палестинанын арызын канааттандырса, бул оор кесепеттерге алып келээрин эскертти.

Бул аралыкта ортомчулардын төртилик тобу: АКШ, Евробиримдик, Орусия, Улуттар уюму эки тарапка бир ай ичинде жолугуп, тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жаңы күн тартибин аныктоону сунуш кылды. Бирок палестин президенти Махмуд Аббастын кечээ Рамаллада миңдеген палестиндер кубаттап тосуп алган учурда билдиргенине караганда, “оккупацияланган аймактарда” жөөт конуштарынын курулушу толук токтомоюнча эч кандай сүйлөшүү болбойт. Израиль болсо бул кабыл алынгыс шарт экендигин айтууда.

XS
SM
MD
LG