Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:02

Полтавкада каршылык акциясы өтүүдө


Чүйдүн Жайыл районуна караштуу Полтавка айылында ушул тапта 100гө жакын адам чогулуп турат. Айыл тургундары жергиликтүү кеңештин тарап кетишин талап кылып жатканын "Азаттыкка" нааразылык акциясынын катышуучусу Адил Шамуратов билдирди.

Анын айтымында, 21-сентябрда айылдык кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлап, бул орунга мурда полтавкалыктар тааныбаган бир адамды коюп коюшкан. "Буга чейин иштеп келаткан айыл өкмөт башчысы Шааркан Кубатбекова кыска аралыкта айылга пайдалуу көп иштерди жасай алган. Биз анын кызматтан алынышына каршыбыз. Кубатбекованы кетирген айыл кеңеши таркатылышы керек", - деди Адил Шамуратов.

20-24-сентябрда Кыргызстандын 142 айыл өкмөтүндө айыл башчыларын шайлоо жүргүзүлдү. 22-сентябрда Чүйдүн Октябр айыл өкмөтүндө да айыл кеңешинин чечимине нааразы болгондор Жогорку Кеңештин алдына чыгышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG