Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:03

БУУ Палестинаны төбөлсүз деп таанууну талкуулайт


Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши бүгүн палестиндердин уюмга толук укуктуу мүчө болуу жөнүндөгү арызын талкуулай баштайт деп күтүлүүдө. Бирок маалымттарга караганда, Кеңеш бул меселени жакынкы айларда колго салары күмөн. Палестин президенти Махмуд Аббас жума күнү автономияны Улуттар Уюмунун толук укуктуу мүчөсү деп таанууну ырасмий түрдө сураган.

Жакынкы Чыгыш тынчтык сүйлөшүүсүнө арачылык кылган төртилтик израилдиктер менен палестиндерди өз ара элдешүүнү тездетүүгө чакырган. Лекин, Аббас жекшемби күнү Израил бийликтери Батыш Иорданда жөөт конуштарын курууну биротоло токтомоюнча сүйлөшүү улантылбасын эскертти.

XS
SM
MD
LG