Кыргызстанда ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын 90% билим алышпайт. Бул тууралуу “Ысык-Көл майыптары” бирикмесинин жетекчиси Гүлмира Казакунова “Азаттыкка” билдирди. Алардын билим албай калып жаткандарынын негизги себептери – мектептерде тиешелүү инфраструктуранын жоктугу, атайын мүмкүнчүлүгү жок балдарды окута турган мугалимдик штаттарынын каралбагандыгы жана мектептеги окуучулардын шылдыңдаган, жерүү мамилеси. 21 сентябрь күнү БУУнун Башкы ассамблеясынын 66-сессиясында Кыргызстан “Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар” боюнча конвенцияга кошулду.