Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:48

БУУнун Коопсуздук кеңеши Палестинанын арызын талкуулоону баштады


Коопсуздук кеңешинин бул маселе боюнча алгачкы отуруму жабык эшик артында өттү жана дипломаттардын айтымында, эч кандай чечим кабыл алынган жок. Байкоочулардын баамында, талкуу бир нече аптага созулушу мүмкүн. Палестин лидери Махмуд Аббас автономиянын көз карандысыздыгын таанып, аны мүчөлүккө кабыл алуу боюнча арызды БУУнун баш катчысына өткөн аптада тапшырган. Палестинанын мындай кадамына Израил караманча каршы чыгууда. Ортомчулардын төртилик тобу: АКШ, Евробиримдик, Орусия, Улуттар уюму Палестина менен Израилди тынчтык сүйлөшүүлөрүн жандандырууга чакырышты.

Бирок палестин президенти Махмуд Аббас мурда күнү Рамаллада сүйлөгөн учурда дагы бир ирет билдиргендей, “оккупацияланган аймактарда” жөөт конуштарынын курулушу толук токтомоюнча эч кандай сүйлөшүү болбойт. Израил бул кабыл алынгыс шарт экендигин айтууда.

Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсүнүн бири АКШ – эгер Палестинанын көз карандысыздыгы жөнүндөгү маселе добушка коюлса, вето саларын эскерткен.

Кечээ АКШ Конгрессинин бир катар мүчөлөрү жана жөөт жамаатынын лидерлери Нью-Йорктогу пресс-конференцияда палестин бийлигинин аракетин айтыптап, аларды сүйлөшүүгө үндөштү.

XS
SM
MD
LG