Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Обама: Европадагы карыз кризиси дүйнөнү чочутуп жатат


Калифорниянын жогорку технологиялуу аймагы - Силикон өрөөнүндөгү сапары учурунда сүйлөп, Барак Обама АКШнын экономикасы да быйыл дүйнөдөгү көйгөйлөрдөн, анын ичинде “Араб жазы” деп атыккан окуялардан улам энергия баасы кымбаттаганын, Европадагы, өзгөчө Грециядагы карыз кризиси боюнча кооптонуулардан улам өсө албаганын белгиледи:

- Алар 2007-жылы тутанган кризистен толук сакая элек жана банк системасы кабылган көйгөйлөрдү толук чече алган эмес. Кырдаал Грециядагы көрүнүштөрдөн улам да татаалдашып жатат. Алар (Европа) дүйнөнү чочуткан каржылык кризисти баштан кечирүүдө жана жоопкерчиликтүү чараларды көрүүгө аракеттенишүүдө. Бирок ал чаралар талап кылынгандай ыкчам көрүлгөн жок. Маселе дүйнө өлкөлөрүнүн экономикасы зарыл болгондой тез өспөгөнүндө.

Европанын бийликтери карыз көйгөйүн чечүү жана еврозонаны кризистен чыгаруу боюнча кордун өлчөмүн көбөйтүү үстүндө иштеп жатат деген маалыматттардан улам кечээ Европа менен АКШда баалуу кагаздардын баасы өстү.

XS
SM
MD
LG