Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:34

Каганер сотто Малеваная боюнча көрсөтмө берди


Экс-президент Курманбек Бакиевдин секретариатынын жетекчиси Оксана Малеваная өлкөдөгү коопсуздук маселелери боюнча чечимдерге таасир бере алчу эмес. Бул тууралуу бүгүн апрель окуясы боюнча сотто Малеванаянын орун басары болуп турган Максим Каганер көрсөтмө берип жатып айтты деп билдирет КирТАГ.

Апрель окуясы боюнча кылмыш ишинде Малеваная Бакиевдин "интеллектуалдык көмөкчүсү" деп аталган. Ал 2010-жылдын апрелиндеги элдик толкундоолорду басуу боюнча жыйында чукул кырдаал киргизүү тууралуу сунушту айткан делип келет.

2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектеги нааразылык акциясында токсонго жакын адамдын өлтүрүлүшү боюнча 28 адам соттолууда. Алардын арасында Оксана Малеваная да бар. Бирок Курманбек Бакиев жана анын эң жакын адамдары сыяктуу эле Малеваная да издөөдө. (RK)

XS
SM
MD
LG