Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:07

Кырсыктардын балдарга тийгизген кесептеттери талкууланат


Кыргызстанда “Кырсыктардын балдарга тийгизген таасирин азайтуу” деген жаңы долбоор ишке киришет. Анын бет ачары бүгүн Бишкек шаарында болот. Анда мектептердеги коопсуздук, билим берүү мекемелерин жер титирөөгө туруштук бергидей кылып күчтөндүрүү боюнча Борбор Азиядагы тажрыйба жана ЮНИСЕФтин методологиясы сунушталат. Ага Өзгөчө кырдаалдар, Билим жана илим министрликтери, академиялык жана илимий мекеме, бейөкмөт уюмдардан өкүлдөр, эл аралык эксперттер катышат. Ошондой эле Ош облусунун Чоң-Алай жана Алай райондорундагы мектептердин абалы боюнча маалымат берилет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG