Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:31

Ректорлор дайындалбай, шайланышы мүмкүн


Буга байланыштуу мыйзам долбоорун 27-сентябрда Жогорку Кеңештин Билим, илим, маданият, маалыматтык жана диний саясат боюнча комитети экинчи окууда колдоду. Бул маалыматты “Азаттыкка” комитет мүчөсү депутат Каныбек Осмоналиев тастыктады. Мыйзам долбоорун өкмөт сунуштоодо. Ага ылайык, жогорку окуу жайдын ректору беш жылга жалпы эмгек жамааттын жашыруун добуш берүүсү менен, эки жолу гана шайлана алат. Депутаттар окуу жайды башкарып турган адамдын илимий даражасы болушу керек деген сунушту киргизүүдө. Бул мыйзам долбоору келерки аптада парламенттин талкуусуна коюлушу ыктымал.

Буга чейин ректорлорду премьер-министр дайындачу. Соңку кезде бул саясий кызмат болуп калганын айтып сындагандар болгон. Мисалы, 2009-жылдан бери Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде төрт ректор алмашкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG