Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:04

Президент киночулар менен укук коргоочуларга рахмат айтты


Бишкекте өтүп жаткан "Бир дүйнө" кинофестивалынын ачылышына катышкан президент Роза Отунбаева кыргызстандык киночуларга жана укук коргоочуларга ыраазычылык сөзүн айтты. Президент укук коргоочулар Кыргызстан калкынын активдүү бөлүгүнө айланып, демократиялык өнүгүүгө салым кошуп жатышканын жогору баалады.

27-сентябрдан 2-октябрга чейин өтүүчү "Бир дүйнө Кыргызстан - 2011" эл аралык кинофестивалында адам укуктарына арналган документалдуу тасмалар көрсөтүлүүдө. 29 тасманын 14ү кыргызстандык киночулардыкы. Негизги темалар - балдардын, аялдардын, жаштардын жана тергөө абактарындагылардын укуктары жөнүндө. (RK)

XS
SM
MD
LG