Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:58

"Ак Шумкар" шайлоодо кимди колдоорун айтты


"Ак Шумкар" партиясы президенттик шайлоодо талапкер Алмазбек Атамбаевди колдойт. Мындай чечим 27-сентябрда партиянын жыйынында кабыл алынганын бүгүн "Ак Шумкардын" лидери Темир Сариев маалымдады. Анын айтымында, партия мүчөлөрү "авторитардык башкаруу ыкмасынын жоюлушу, коррупцияны ооздуктоо жана былтыркы апрель ыңкылабынын максаттарынын аткарылышы үчүн" ушундай бүтүмгө келишти. Шайлоо 30-октябрда болот. Ага катышуу үчүн Алмазбек Атамбаев үгүт учуруна премьер-министрлик кызматын убактылуу өзүнүн орун басарына тапшырып берген. (KKs/RK)

XS
SM
MD
LG