Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:51

Баткен: 3 мектептин окуучулары жайкы чатыр алдында окушууда

Баткен облусунун 3 мектебинин окуучулары 13 жайкы чатырда окуп жатышат. Облус  губернаторунун биринчи орун басары Карамат Орозова “Азаттыкка” маалымдашынча, 20-июлдагы жер титирөөдө 64 мектеп зыянга учураган. Алардын 27си капиталдык ремонтко муктаж деп комиссия тыянак чыгарган. Ал эми төрт мектепти кайрадан куруш керек. “Бирок окуу процессин үзгүлттүккө учуратпайбыз”, -деди Карамат Орозова. 20-июлда болгон жер титирөөнүн очогу Кадамжай районуна келип, силкинүүнүн күчү 7 баллга жеткен болчу. (KE/RK)
XS
SM
MD
LG