Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:10

Прокурор Тимошенкого 7 жыл сурады


Юлия Тимошенкону колдогон митингден сүрөттөр
Юлия Тимошенкону колдогон митингден сүрөттөр

Мамлекеттик айыптоо абактагы Юлия Тимошенкону 7 жыл эркинен ажыратууну, адвокаттар эркиндикке чыгарууну суранды.

Киевде өткөн соңку соттук жыйында экс-премьер-министрдин адвокаттарына сөз берилди. Алар Ю.Тимошенконун үстүнөн болгон сот процесси одоно мыйзам бузуулар менен өткөнүн, мурдагы өкмөт башчынын күнөөсү жоктугун баса белгилеп, соттон аны актоону суранышты.

Ага чейин мамлекеттик айыптоо Юлия Тимошенко өкмөт башчылык кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, Орусия менен газ келишимде Украинага 190 млн. доллар чыгым тарттырганын белгиледи. Прокурорлор соттон айыпталуучуну 7 жыл эркинен ажыратууну суранышты.

Бейшембиде сотто Ю.Тимошенкого сөз берилет. Экс-премьер-министр өзүнө коюлган күнөөлөр саясий мүнөздө деп, бийликтин куугунтугуна кабылганын айтып келет.

Украина: Юлия Тимошенко камакка алынды
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:40 0:00
Түз линк

«Саргылт ыңкылап» лидерлеринин бири ушул жылы 6-августа Киевдин Лукяновск тергөө абагына отургузулган. 17-августта соттук отурумга экс-президент Виктор Ющенко келип, мурдагы саясий өнөктөшүнө каршы көрсөтмө берген.

Юлия Тимошенко 2005-2010-жылдары эки ирет украин өкмөтүн жетектеген. 2010-жылдагы президенттик шайлоодо В.Януковичке уттуруп койгон.

XS
SM
MD
LG