Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:48

БШК жаңы жабдуулар менен жабылды


Жапония өкмөтү, Европалык Кеңеш жана ПРООН БШКга компьютердик жабдууларды сатып алууга колдоо көрсөттү. Борбодук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматынан билдиришкендей, Жапония элчиси Син Марио, Европалык Кеңеш делегациясынын Кызматташтык боюнча бөлүмүнүн башчысы Том Масси жана ПРООНдун туруктуу өкүлү Александр Аванесов БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимовго 100 компьютер, 85 принтер, ошондой эле шайлоо участокторунда турган көп функционалдуу факс аппаратына 2400 картридж тапшырды. Булардын жалпы суммасы 195 миң 405 долларды түзөт.

Жаңы жабдуулар аймактык шайлоо комиссияларына шайлоочулардын тизмелериндеги жазууларды жаңыртууга жана аларды Бишкектеги маалыматтардын борбордук базасына жиберүүгө мүмкүндүк берет. Жабдууларды сатып алууда Австрия, Германия өкмөттөрү, Бириккен Королчулук жана Сорос фонду финансылык жардам көрсөтүшкөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG