Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:38

Палестинанын арызы БУУнун Коопсуздук кеңешинин комитетине берилди


Коопсуздук кеңешинин мүчөлүк боюнча комитети расмий жыйынын жума күнү өткөрөрү күтүлүүдө. БУУнун уставына ылайык, ага мүчө болгусу келген тараптын арызын Башкы ассамблеяга сунуш кылуу-кылбоону Коопсуздук кеңеши чечет. Эгер маселе Башкы ассамблеяга чыгарылса, оң чечим кабыл алынуусу үчүн сунушту БУУга мүчө 193 өлкөнүн үчтөн экиси колдошу керек.

Палестин лидери Махмуд Аббас Палестин автономиясын көз карандысыз мамлекет катары таанып, мүчөлүккө алууну БУУдан 23-сентябрда өтүнгөн.

Бирок Коопсуздук кеңешинин чечимдерине вето коюу укугуна ээ АКШ Палестинанын арызы добушка салынышына жол бербесин эскерткен.

АКШ жана Израиль Палестин мамлекети Израиль менен Палестинанын тикелей сүйлөшүүсүнүн натыйжасында гана түзүлүүсү керек деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG