Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:52

Жылына 1,5 миң ымыркай жүрөгү оорулуу болуп төрөлөт


Кыргызстанда жыл сайын 1,5 миң ымыркай төрөлгөндө эле жүрөк оорусу бар экени аныкталат. Бул тууралуу парламенттин бүгүнкү жыйынында депутат Абдыжапар Бегматов билдирди. Анын айтымында, учурда Кыргызстанда 4 миң бала кичинесинен жүрөк оорусу бар деп каттоодо турат. Көбүнесе мындай көрсөткүчкө Кыргызстан тоолуу аймакта жайгашканы себеп болууда. Жыл сайын жүрөк кан тамыр оорулары боюнча майыптык алгандарга берилүүчү жеңилдиктерге мамлекет 40 миллион сом бөлүп берет. (RK)

XS
SM
MD
LG