Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:20

Осмоналиев: 2012-жылдын бюджети коркунучта


Келерки жылдын республикалык бюджети коркунучта. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жайынында депутат Каныбек Осмоналиев айтты. Анын маалыматы боюнча, өкмөт бюджеттин долбоорун парламенттин кароосуна жиберүүгө даярдап койду.

Осмоналиевдин айтымында, бюджеттин киреше бөлүгү былтыркыга караганда 1,5 пайызга аз, чыгаша бөлүгү 1 пайызга көбөйтүлгөн. Бирок "жана башка мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр" деген жаңы беренеге 28 миллиард сом каралууда. Бул акча эмнеге жумшалаары белгисиз. Билим берүү тармагын каржылоо былтыркыга караганда 14 пайызга аз боло турган.

Өкмөттө экономика жаатына жооп берген биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов 19-сентябрда Эл аралык валюта корунун өкүлдөрү менен жолугушууда келерки жылы бюджеттин киреше жагы быйылкыга караганда 7 миллиард сомго көбөйтүлөт, ал эми чыгаша бөлүгү 1 миллиард сомго кыскартылат деген. (RK)

XS
SM
MD
LG