Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:13

Чек араларды күчөтүлгөн тартипте кайтаруу тапшырылды


1-октябрдан 30-октябрга чейин чек араларды коргоо жана кайтаруунун күчөтүлгөн вариантын киргизүү тапшырмасы Коргоо кеңешинин 27-сентябрдагы жабык жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Ошондой эле чек аралардан транспорт жана адамдарды өткөрүүнү чектөө зарылдыгы айтылды. Маалыматка ылайык, Коргоо кеңешинин жыйынында шайлоо маалында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чаралары боюнча чечим кабыл алынып, күч түзүмдөрүнө өз-өзүнчө тапшырмалар берилди.

Коргоо кеңешинин катчысынын милдетин аткаруучу Бусурманкул Табалдиев шайлоо бардык эле ири саясий окуялардай өлкөдөгү туруктуулуктун абалына таасир этип жатканын белгилеген. Ошондой эле тышкы жана ички коркунучтар бар экенин айткан.

Жыйын соңунда Коргоо кеңешинин чечимдерине президент Роза Отунбаева кол койду. (КЕ)

XS
SM
MD
LG