Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:50

Евробиримдиктин Беларус боюнча чыдамы түгөнүүдө


Бул тууралуу биримдиктин кечээ Варшавада башталган “Чыгыш өнөктөштүгү” саммитинде айтылды. Биримдиктин учурдагы төрагасы Польшанын премьер-министри Дональд Тусктун билдирүүсүнө караганда, саясий айыпкерлердин баары бошотулмайынча, беларус режимине карата эч кандай ишара жана аны менен келишүүчүлүк болбойт. Саммитке беларус президент Александр Лукашенко да катышуусу керек эле. Бирок оппозицияны куунгунтуктаганы үчүн ага биримдиктин аймагына келүүсүнө тыюу салынган.

Поляк өкмөт башчысы Дональд Туск кечээ украин президенти Виктор Янукович менен жолуккандан кийин белгилегендей, бийлик менен оппозициядагылардын мамилеси, демократиялык стандарттар болочоктогу интеграция жараянына таасир тийгизет. Мында ал негизинен Украинада мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенконун үстүнөн жүрүп жаткан сотту эске алды.

Евробиримдиктин 2009-жылы башталган “Чыгыш өнөктөштүгү” долбоору Армения, Азербайжан, Беларус, Грузия, Молдова, Украинаны камтыйт жана саясий, соода келишимдери аркылуу биримдиктин чыгышындагы мамлекеттер менен алака-катышты тереңдетүү максатын көздөйт. Саммиттин бүгүнкү ишине Беларус элчи деңгээлинде гана катышары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG