Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

Балдардын укуктары боюнча кодекс жазылды


Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитети "Балдар жөнүндө кодекстин" долбоорун иштеп чыкты. Ал жалпы коомчулуктун талкуусуна сунушталды.

Кодексте балдардын укуктарын коргоодогу мамлекеттик саясат, балдардын үй-бүлөдө жашоого, саламаттыгынын сакталышына, билим алууга, өз оюн эркин айтууга, эмгекке тартылбоого болгон укуктары тууралуу айтылат. Мындан тышкары, бала асыроо, жаңжалда калган балдар, зордук-зомбулукка кабылгандар боюнча да айтылган.

Кодекстин негизги максаты - балдардын укуктарын коргоо. (RK)

XS
SM
MD
LG